GGDROP

Эрлан Андашев & Ирина Шотт – Жаным, жаным

Жүрөгүмдүн ээси сенсиң
Табалбай жүргөн берекемсиң
Ай ааламдагы жалгыз бир адам
Ошол жаным жалгыз сенсиң
Жарык чачкан таңым сенсиң
Жанымда жүргөн көлөкөмсүң
Жандай көргөн жалгыз адамым
Жалындап жүрсөк бирге деймин
Источник text-pesni.com

Карап, карап, карап
Бир өзүңдү
Самап, самап, самап
Олтурамын эстеп алып анан мен
Махабатка батып барам жаным
Жаным

Арзуубуздун оту жансын
Ардагым менин махабатым
Арнаймын сага ушул дүйнөдө
Ак сүйүүнүн таттуу балын
Күлмүңдөп бир тийген күнсүң
Жашоодо жалгыз үмүтүмсүң
Өмүрүмдү көрккө бөлөгөн
Жаңы ачылган кызыл гүлсүң

Карап, карап, карап
Бир өзүңдү
Самап, самап, самап
Олтурамын эстеп алып анан мен
Махабатка батып барат жаным
Жаным

Рекомендуем:  "Весело шагать по просторам"
Поделиться с друзьями
MP3LYRICS
Добавить комментарий