Нурмат Садыров — Сен бактылуу жаша

Капилет кез келип,
Карашып туруп калдык чектелип.
Карадым үн катпай,
Каректен өткөн күндү эскерип.

Каалоого жетпедик,
Кантейин кетиптирсиң өзгөрүп.
Биз тапкан сүйүүбүз,
Бир кезде калган эле тепселип.

Сен бактылуу, бактылуу жаша!
Тагдырдын сыноосуна жараша…
Бир сага, бир сага болгон,
Мендеги махабат – дагы эле таптаза.

Балалык убагым,
Бар эле сени менен кыялым.
Байкабай олтурсам,
“Биз бирге бололу?”,- деп сурадың…

Рекомендуем:  INSTASAMKA - Money Day

А бирок ынагым,
Бактыңды башка менен курадың.
Алданган чагыңда,
Билбепмин маңдайымдан чыгаарың.

Поделиться с друзьями
MP3LYRICS
Добавить комментарий