GGDROP

Алтынай Асанбекова — Жамгыр

Түрүлүп тээ алыстан калың булут,
Сагынып тоо үстүнөн карайт бизди.
Кыйналып кусалыктан, ооругансып,
Шатырап төгөт жамгыр, буулуккансып.

Нөшөрлөгөн жамгыр жагат мага,
Уктаган сезимимди козгойт кайра.
Сырдашып жамгыр менен тургум келет,
Жөрөктү мыкчып туруп, анан коё берет.

Ыйлачы, ыйлап алчы, жамгыр,
Жүрөккө сактабачы кайгы.
Төкчү анда, көкүрөктү жеңилдете,
Ыйлачы, ыйлап алчы, жамгыр..

Кайрадан үмүт берип адамдарга,
Күчтүүрөөк бутту шилтеп жаңы кадамдарга.
Кайрадан көрөлүчү күндүн нурун,
Коштошуп бир жумага, балким айга.

Нөшөрлөгөн жамгыр жагат мага,
Уктаган сезимимди козгойт кайра.
Сырдашып жамгыр менен тургум келет,
Жөрөктү мыкчып туруп, анан коё берет.

Ыйлачы, ыйлап алчы, жамгыр,
Жүрөккө сактабачы кайгы.
Төкчү анда, көкүрөктү жеңилдете,
Ыйлачы, ыйлап алчы, жамгыр...

Рекомендуем:  Zeguerre feat. Sifax - Des Tals

Ыйлачы, ыйлап алчы, жамгыр,
Жүрөккө сактабачы кайгы.
Төкчү анда, көкүрөктү жеңилдете,
Ыйлачы, ыйлап алчы, жамгыр...
Жамгыр... Хей-и-эй... м-м-м-м...

Ыйлачы, ыйлап алчы, жамгыр,
Жүрөккө сактабачы кайгы.
Төкчү анда, көкүрөктү жеңилдете,
Ыйлачы, ыйлап алчы, жамгыр...
Ыйлачы, ыйлап алчы....

Поделиться с друзьями
MP3LYRICS
Добавить комментарий