GGDROP

Нурлан Насип – Алдайсың

Сен ак куусуң канатчан,
Сермеп учуп бараткан.
Ишенимдин ачкычы,
Издейм бардык тараптан.
Сүрдөп кетем чыны бат,
Сүйүүм айтам шыбырап,
Жылмайгандай сезимге,
Жылдыз толот жыбырап.

Кайырма:
Сыйкырчы жандайсың,
Сыноолоруң улам, улам камдайсың.
Калп эле назданып,
Кайра-кайра кыйнагандан талбайсың,
Кыялкеч жандайсың,
Кытыгылап көңүлүмдү арбайсың,
Өзгөчө сүйсөң да,
Өзүңдү өзүң эмнегедир алдайсың.

Мен бир жигит ашыккан,
Махабатка машыккан
Макул десең мойнуңа,
Мончок тагам бакыттан.
Көзүң мезгил жазындай,
Көрсөм черим жазылбай.
Жактырганың чын болсо,
Жакын келчи жашынбай.

Рекомендуем:  Mary Gu - Fuck You
Поделиться с друзьями
MP3LYRICS
Добавить комментарий